Конференция Ага хандын Борбор Азия университети жана Экономика министрлиги тарабынан уюштурулуп жатканын Кыргызстан тоокенчилер бирикмесинин жетекчиси Орозбек Дүйшеев билдирди.
Бүгүн Хаят мейманканасында боло турган конференцияга өкмөт, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер жана университеттин жетекчилиги катышат. Анда кен казуудагы мамлекеттик саясат, экология, инвестиция тартуу жана кирешени бөлүү сыяктуу маселелер көтөрүлөт. (AiT)