Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Обама: АКШнын ар кандай аракетине карабай, Украина Орусиянын аскердик кубатынын алдында “аялуу” бойдон кала берет


Президент Барак Обама.
Президент Барак Обама.

Мындай пикирин Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама “Атлантик” журналына 10-мартта чыккан маегинде билдирген. Обаманын айтуусунда, Украина АКШнын өзгөчө бир кызыкчылыгындагы мамлекет эмес, ал Орусиянын мына ошондой кызыкчылыгында жаткан өлкө, ошондуктан Москва дайыма Украинага таасир этүүгө жөндөмдүү бойдон калат.

Барак Обама “кандайдыр бир катаал аргалар же аскерий чаралар Орусия же Кытай кабыл ала турган чечимдерге таасир этпешин 50 жылдан бери анык билебиз” деп белгилейт. Кошмо Штаттардын президенти “тизгиндөө аргасы бар экенин, бирок анда эмне үчүн согушка барууга мүмкүн же мүмкүн эместигин анык билишибиз керек. Вашингтондо Крым жана Чыгыш Украина үчүн согушка барышыбыз керек дегендер болсо, анда алар аны ачык айтыш керек" деп айтты.

XS
SM
MD
LG