Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев өзүнө мураскор даярдоо ниети жоктугун бүгүн Бишкектеги ишембилик маалында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Бирок өзү жетектеген Кыргызстан социал-демократтар партиясы президенттикке талапкерин сунуштай турганын айтты.
"Кимдин президенттик такка келишин эл тандайт. Ал эми мураскор дайындоо – демократиянын эрежелерине каршы келет", - деди Атамбаев.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2017-жылы өтөт. Алмазбек Атамбаев 2011-жылдан бери өлкөнү башкарып келатат. (NT/UEz)