Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Москвада кыргызстандык Диана Жураева изделүүдө


Диана Жураева
Диана Жураева

7-марттан бери Москвада 16 жаштагы Диана Жураеванын дайыны чыкпай изделүүдө. Ал кечки саат 10 чамасында Тульский метро станциясындагы батирден чыккан боюнча кайтып келген эмес. Бир тууганы Света Стамкулованын айтканы боюнча Диана Орусияда эч жерде иштебей, ден-соолугуна байланыштуу убактылуу бош жүргөн. Өспүрүмдүн “ызы-чуу кылбагыла, баары жакшы болот, иншаллах” деп жазып калтырган каты жакындарын чочулатууда. Диана намаз окуган эмес, динден алыс болгон. Ал телефонго жооп бербей, СМС аркылуу билдирүүлөрдү жөнөтүп, алыс жакка кетип жатканын жазган. Белгисиз адамдар өспүрүм кызды алдоо жолу менен Түркияга же Сирияга чыгарып кетиши мүмкүн деген божомолдор бар. Диана Жураева былтыр октябрда Санкт-Петербургга келип, 24-декабрдан бери Москвадагы бир тууган эжесинин үйүндө жүргөн. Кыздын ата-энеси Кыргызстанда жашайт. (LzT)

XS
SM
MD
LG