Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Анкара калабасында 30дан ашуун адам курман болду


Анкарадагы жардыруу.
Анкарадагы жардыруу.

Жекшембинин кечинде Түркиянын баш калаасы Анкарадагы жардыруу 30дан ашуун кишинин өмүрүн алды. Жарадарлардын саны 125ке жеткени кабарланууда. ТRT-World TV каналы тараткан маалыматка ылайык, жардыруу бир катар өкмөттүк имараттар жайгашкан Гувенпарк районунда болду.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек. Калаба болгон жер коопсуздук күчтөрү тарабынан курчалып, ал жерде бир нече автоунаа күйүп жатканы айтылууда.

Жергиликтүү бийлик окуяны теракт деп атап, бир ай мурда Анкарада болгон кандуу окуяга окшоштугун айтууда. Ал тапта түрк бийликтери Анкарадагы жардырууну маалымат каражаттарында чагылдырууга чектөө киргизди.

Бир ай мурда Анкарада уюштурулган теракттан 29 киши набыт кеткен. Анда жоопкерчиликти күрт согушкерлери өздөрүнө алышкан.

XS
SM
MD
LG