Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Кубанычбек Кулматов Орусияга барат


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалган Кубанычбек Кулматов ушул аптада Москвага барып, орус бийлиги менен сүйлөшүү жүргүзүп келерин премьер-министр Темир Сариев билдирди. Анын айтуусунда, сапар учурунда насыя берүү шарттарын өзгөртүү маселеси козголот. Кечээ Сариевдин буйругу менен Нурсулуу Ахметова Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси кызматынан бошотулуп, анын ордун Кулматов ээлеген.

Ага чейин президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчисин алмаштыруу зарылдыгын айткан.

Кулматов февралда өз арызы менен Бишкек шаарынын мэри кызматынан кеткен. Мындай кадамын үй-бүлөлүк шарты менен түшүндүрүп, узак убакыт Кыргызстандан кетүүгө туура келип жатканын маалымдаган эле. Башкалааны жетектеп турганда өлкө жетекчиси анын дарегине бир катар сын айтканы белгилүү.(NT)

XS
SM
MD
LG