Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:22

Быйыл Кыргызстанда 66 миңдей “акылдуу” эсептегич орнотулат


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалымдашынча, алардын ичинен 50 миңи жалпы жарандарга жана 16 миңи коммерциялык түзүмдөргө коюлат. Бул аракет энергосектордогу ачыктыкты камсыз кылып, электр энергиясынын жоготууларын 13 пайызга төмөндөтөт.

Былтыр өлкө боюнча жалпы жарандарга112 миң, ал эми коммерциялык түзүмдөргө 9,5 миң "акылдуу эсептегич" орнотулган.

Мындан тышкары энергетикалык коопсуздукту бекемдөө үчүн жылдын экинчи жарымында Токтогул ГЭСин жаңыртуу иши башталат. Ушул тапта Бишкек жылуулук-электр борборун жаңылоо иштери жүрүп, анын кубаттуулугун 812 мегаваттка жеткирүү каралууда.(AzK)

XS
SM
MD
LG