Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Полиция Берлиндеги жарылууну кылмыш тобунан көрүүдө


Бүгүн эртең менен Берлиндин батыш тарабындагы Шарлоттенбург районунда бир автомашине жарылып, анын айдоочусу мерт кеткен. Полиция жардыруудан теракттын белгилери табылбагандыктан аны уюшкан кылмыш тобунун иши катары боолголоп жатат.

Иликтөө учурунда ичине коюлган бомба жарылуусунан аласалып кеткен машине жол четинде турган машинелерди сүзө токтогону белгилүү болду. Кырсыктан мерт болгон айдоочудан башка бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес.

Берлин полициясы бул окуядан ажал тапкан 43 жаштагы айдоочунун ким экени аныкталганын, бирок тергөө кызыкчылыгына жараша анын аты-жөнү айтылбастыгын билдирди.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG