Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Чехия делегациясы Бишкектеги "Өчпөс отко" гүл койду


Чехия парламентинин спикери Ян Гамачек баштаган делегация Бишкектин Жеңиш аянтындагы "Өчпөс отко" гүл коюу аземине катышты.
Чехия парламентинин спикери Ян Гамачек баштаган делегация Бишкектин Жеңиш аянтындагы "Өчпөс отко" гүл коюу аземине катышты.

Чехия парламентинин спикери Ян Гамачек баштаган делегация Бишкектин Жеңиш аянтындагы "Өчпөс отко" гүл коюу аземине катышты. Курамында жети депутат, 10дон ашык ишкери бар делегация бүгүн кыргыз-чех бизнес форумуна катышып, ал жерде делегация башчысы сөз сүйлөдү.

Чехиялык делегация мүчөлөрүн бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды.

Ушул тапта Ян Гамачек баштаган чехиялык делегация кыргыз парламентинде эл өкүлдөрү менен жолугууда. Бүгүн чехиялык делегация Кыргызстандагы «Интергельпо» чех кооперативинин уюшулганынын 90 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылуу аземине катышат.

Чехиялык эл өкүлдөрү менен ишкерлерден турган делегациянын иш сапары 17-мартта соңуна чыгат. (AzK)

XS
SM
MD
LG