Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

“Коопсуз шаар” “чоңдор” үчүн бизнеспи?


Бишкек
Бишкек

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү төрт жылдан бери ишке ашпай келаткан “Коопсуз шаар” долбоорун иликтөөгө алды.

Чубактын кунундай чубалган “Коопсуз шаар” долбоорунун тарыхы 2012-жылга барып такалат. Анда Өмүрбек Бабанов башында турган кыргыз өкмөтү Бишкек, Ош шаарларын жана Бишкек - Каракол жолун толугу менен фото-видео көзөмөлгө алуу боюнча дымактуу иш башташкан.

Ошентип “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууну каалаган 16 компания тендерге катышат. Алардын бешөө 2-баскычка өтөт. “Коопсуз шаар” долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн ар компания ар кандай суммадагы каражатты талап кылышкан. Маселен, долбоорду ZTE компаниясы 3 миллиард, 56 миллион, “Дельта Профи” 3 миллиард, 705 миллион сомго баалаган.

Эң кызыгы соңунда “Коопсуз шаар” долбоорун тендерге катышпаган эле Beijing Construction Engineering Group International аттуу кытай компаниясы утуп алат. Алар долбоорду 4 миллиард 505 миллион сомго же башкача айтканда 85 млн. долларга баалашкан.

Бул маселе боюнча “Ата Мекен” фракциясы убагында чуу көтөргөн. Алар тендерге катышпаган компания жеңүүчү аталганын, кытайлар долбоорду башкалардан 25 пайызга кымбат баалаганын, ошол кездеги ИИМ башчысы Зарылбек Рысалиев бир катар мыйзамдарды одоно бузганын айтып чыгышкан

Мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев “Коопсуз шаар” долбоорун жеңген кытайлык компаниянын башчылары менен шампан аттырып, жеңишти майлаганын танбайт. Бирок долбоордун тык токтошу боюнча өзү жоромолдогон себептери бар. Рысалиев Beijing Construction Engineering Group International менен түзүлгөн келишимди бузууда Өмүрбек Текебаев менен мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун жеке кызыкчылыктары болгон деп эсептейт.

“Коопсуз шаар” “чоңдор” үчүн бизнеспи?
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:45 0:00

Тендерге сегиз компания катышып, кийинки баскычка бешөө өтөт. 2012-жылы кытайлар 85 млн. долларга баалаган “Коопсуз шаар” долбоорун молдовалык Dessa International S. R. L. компаниясы 60 млн., кытайлык Shenzhen Topform Computer Tehnology Co. Ltd 49,8 млн., түркиялык Ozone Iletişim Teknolojileri 72,2 млн. жана швейцариялык Anteo Worldwide 69 млн. долларга баалаган.

Бирок тендердик комиссиянын бүтүмү менен кыргыз-орусиялык "Стилсофт Бишкек" ишканасы жеңүүчү аталган. Алар долбоорду 62 млн. долларга бүткөрүшмөк. Кийинки келген министр Мелис Турганбаев тендер одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн жүйө кармап, келишимге кол койбой коёт. Ошондон бери “Стилсофт” менен Турганбаевдин соттон башы чыкпай келет.

Тендердик комиссиянын мүчөсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулова өзү өткөргөн тендерге өзү каршы чыккан ИИМге түшүнбөйт. Айтымында, Турганбаев соттошуп жаткан “Стилсофт” Бишкек компаниясы тууралуу материалдардын баарын министрликтин кызматкерлери чогулткан. Абдирасулова комиссиянын мүчөсү катары бир да жолу соттук териштирүүгө чакырылган эмес.

XS
SM
MD
LG