Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:26

Нарын районунда көчмө кыркын пункттары уюштурулду


Кой кыркым.
Кой кыркым.

АРИС уюмунун мал чарбасы менен базарды өнүктүрүү долбоорунун негизинде Нарын районундагы бардык айыл өкмөттөрүнүн жайыт комитеттерине көчмө кыркын пункттарын уюштуруу аракети башталды. Бул максатта эки миллион сомго жабдуулар алынып берилди.

Мунун ичинде 39 кой кыркуучу машина, 11 генератор жана башка кыркынга керектүү шаймандар бар. Бул тууралуу аталган уюмдун адиси Жамиля Мамбетжанова билдирди. Анын айтуусунда, Нарындын алыскы аймагындагы малчылар кой кыркууда бир топ убара тартып келишкен.

- Айылдык кыркынчылар бир койду кыркууга 30-40 сомдон алышат. Ал эми бул көчмө кыркын жергиликтүү айыл өкмөттөрү менен биргелешип кызмат акысын арзан алышат, - дейт Мамбетжанова.

Учурда бул долбоорду облустун башка райондоруна да ишке ашыруу пландалууда. (MiK)

XS
SM
MD
LG