Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Орусия Түркиядан келген анар менен калемпирге тыюу салды


Орусия 17-марттан тарта Түркиядан келген айыл-чарба азыктарына жаңы чектөөлөрдү киргизди. “Россельхознадзор” мекемесинин маалыматына ылайык, Түркияда өндүрүлгөн анар менен болгар калемпирин Орусияга түз жана башка өлкөлөр аркылуу алып келүүгө болбойт.

Адистердин ырасташынча, буга чейин Түркиядан келген азыктарда өсүмдүк зыянкечи табылган. Бирок орус тарап бул чектөөнү Москва менен Анкара ортосундагы тирешке байланышы жок деп ишендирүүдө.

Былтыр ноябрда Түркия Сирия менен чектеш аймакта орусиялык Су-24 аскер учагын атып түшүргөн. Андан бери Орусия менен Түркиянын мамилеси кескин начарлаган.

Орусия 2016-жылдын 1-январынан тарта Түркияга санкцияларды киргизип, бул мамлекеттен кирип жаткан азыктарды чектеген.

XS
SM
MD
LG