Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:59

Ымыркайын ыргыткан энелер изделүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкек милициясы көчөдөн табылган эки ымыркайдын өлүмү боюнча иликтөөнү баштады.

Шаршемби күнү борбор калаанын четиндеги таштанды төгүлүүчү жайдан жаңы төрөлгөн кыз баланын сөөгү табылган, ага чейин, 10-мартта Көк-Жар айылына жакын жерге чарчап калган эркек баланы таштап кетишкен.

Биринчи ымыркайдын желим баштыкка салынган сөөгүн 10-мартта Бишкектин таштанды төгүлүүчү жайында бөтөлкө чогултуп жүргөндөр таап алып, милицияга чалышкан. Экинчисин Аалы Токомбаев жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишинен “Тазалык” ишканасынын жумушчулары көрүп калган. Экөөндө тең күч колдонуунун белгилери жок экени аныкталып, кийинки соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн алар өлүкканага жеткирилген.

Бишкек шаардык милициясынын маалымат катчысы Олжобай Казабаевдин айтуусунда, учурда окуя катталган жерлерде адамдар суралып, кылмыштын бетин ачуу үчүн илинчек изделүүдө:

- Алгачкы чогулган материалдар катталды. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин тергөө иштери андан ары уланат.

Биринчиси - андай кадамга баргандар кичине кезинде түрдүү зомбулукту көргөн болушу ыктымал. Экинчиден, боюнда болуп калганын туугандар укса эмне болот деген кооптонгондор.
Назгүл Турдубекова

Олжобай Казабаев эгер ымыркайлардын энелери кармалса, алар Кылмыш кодексинин “төрөлгөн баласынан баш тартуу” жана “өтө кооптуу жагдайда таштап кетүү” деген беренелери боюнча жоопко тартыларын айтты:

- Ээн жерге баласын таштагандыктан аларды табуу оңой эмес. ​Канча деген машиналар өтөт, келип-кетет. Бирок тескөөчүлөр, ыкчам иликтөө кызматкерлери "Көргөндөр болсо айткыла" деп сурамжылоо жүргүзүп жүрүшөт.

Адистердин айтуусунда, Кыргызстанда соңку жылдары өз баласынан баш тартып, балдар үйлөрүнө, интернатка калтырып кеткендердин саны көбөйүүдө. Укук коргоочу Назгүл Турдубекова мунун себептерин төмөнкү жагдайлардан көрөт:

- Биринчиси - андай кадамга баргандар кичине кезинде түрдүү зомбулукту көргөн болушу ыктымал. Экинчиден, боюнда болуп калганын туугандар укса эмне болот деген кооптонгондор. Балдарын дааратканага ыргытып, жашыруун аборт кылдырып, төрөп, сатып кеткен учурлар көп болуп жатпайбы.

ЮНИСЕФ уюмунун маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда түрдүү интернаттарда 20 миңдей бала багылууда.

Аялдарды андай кадамга жеткирүүнүн себеби абдан олуттуу болушу керек. Бул жерде аял менен катар эркектин жоопкерчилиги бирдей. Ашса ашат, кем эмес.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгери Анара Ордокованын айтуусунда, негизги көйгөйдү секелек жашында, көпчүлүк учурда зордуктоого кабылып боюна бүткөндөр жаратууда. Айтымда, Кыргызстанда төрөгөн ар бир 1000 аялдын 40ка жакыны секелек кыздар:

- Тилекке каршы, боюна бүтүп калган өспүрүм кыздардын дээрлик 50% зордуктоого кабылган деген боолгоо бар. Бирок төрөткө жеткендери – бул айсбергдин үстү гана. Негизги бөлүгүн түрдүү ыкма менен боюнан алдырган секелек кыздар түзөт. Фармакологиялык аборт жасатууга каражаты жетпей, жашынып жүрүп төрөгөндөрдүн балдары ошентип ар кайсы жакта калууда.

Социолог Топчугүл Шайдуллаева бала үчүн эне гана эмес, ата да жооптуу экенине, тогуз ай көтөрүп, омурткасы сыздап төрөгөн перзентин көчөгө, таштанды арасына ыргытып кетүүсүнө түрткү болуучу себептин пайда болушун элдин экономикалык оор абалы, үйдө, мектепте жакшы тарбиянын жоктугу шарттап жатканына көңүл бурат:

- Энелик инстинкт, энелик мээрим деген өтө чоң нерсе. Адамдык, моралдык жактан албаганда да, жөнөкөй табигый чөйрөдө деле энелик инстинкт деген өтө бийик да. Муну бузуу, аялдарды андай кадамга жеткирүүнүн себеби абдан олуттуу болушу керек. Албетте, бул жерде аял менен катар эркектин жоопкерчилиги бирдей. Ашса ашат, кем эмес.

Быйыл январь айында Токтогул районунда даараткананын ичине ташталган ымыркай баланы сактап калышкан. Энеси дароо табылып, кылмыш иши козголгон. Милициянын сурагында ал аял колунда дагы кичине баласы бар экенин, күйөөсү менен ажырашып кеткенин айтып берген.

Ал эми мындан үч жыл мурда Бишкекте кыштын кычыраган күнүндө жаңы төрөлгөн кызын короодогу дааратканага ыргытып, таш менен ургулап салган келиндин ымыркайын догдурлар аман алып калууга үлгүргөн.

XS
SM
MD
LG