Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Өзбек чек арачылары талаштуу аймакка аскер техникасын киргизип алышты


Талаштуу аймактагы Өзбекстандын аскер техникасы.
Талаштуу аймактагы Өзбекстандын аскер техникасы.

Бул туурасында “Азаттыкка” Аксы районунун акими Медет Айдаралиев билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында Чала-Сарт аттуу 38 гектар талаштуу участок бар. Анын ичинде 1 километр 800 метр Кербен-Ала-Бука жолу бар. Ал жерге эртең мененки саат жети жарымда 20га чукул өзбек чек арачылары БТР менен киришкен.

Алар жол жээгине БТР унаасын токтотуп алышкан. Алар кыргыз жарандарынын паспортторун текшерип өткөрүп жатышат. Ушул тапта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аймакка барып, абал менен таанышууда. Айдаралиев бул аймакка өзбек чек арачыларынын кирип алууга укугу жоктугун, ал жер союз мезгилинен тарта Кыргызстандын пайдалануусунда болуп келгенин билдирди.

Чек ара кызматы ушул тапта бул маалымат такталып жатканын ырастады. (AzK)

XS
SM
MD
LG