Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:29

Президент Владимир Путин Крымга барат


Керч кысыгына курулчу көпүрөнүн долбоору.
Керч кысыгына курулчу көпүрөнүн долбоору.

Орусиянын маалымат каражаттары президент Владимир Путин бүгүн Крымга барарын кабарлады. Маалыматтарга караганда, Путин бул сапарында Керч кысыгы аркылуу жарым аралды Орусия менен байланыштырчу көпүрө курула турган жерди көрөт.

Москва Крымды эки жыл мурда Украинадан тартып алган. Мындан улам Батыш Орусияга каршы санкцияларды киргизген.

Эл аралык коомчулук Москва эки жыл мурда Крымдын Орусияга кошулуусу боюнча өткөргөн референдумдун жыйынтыгын тааныган эмес. Жарым аралды Бириккен Улуттар уюмуна мүчө өлкөлөрдүн көпчүлүгү дале Украинанын бир бөлүгү катары санайт.

XS
SM
MD
LG