Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:27

Орусияда Крымдын кошулуусунун эки жылдыгы белгиленүүдө


Москва баштаган Орусиянын бир катар шаарларында жана Крымдагы Симферопол менен Севастополдо Крымдын Орусияга кошулуусу боюнча документке кол коюлушунун эки жылдыгына арналган расмий иш-чаралар өтүүдө. Президент Владимир Путин бүгүн иш сапары менен эки жыл мурда аннексияланган ошол Крым жарым аралына барды. Ал Керч кысыгы аркылуу жарым аралды Орусия менен байланыштырчу көпүрө курула турган жерди да көрдү.

Мындан туура эки жыл мурда Орусия Украинага караган Крым жарым аралын аннексиялап алган.

Крымдын Орусияга кошулуусу боюнча 2014-жылдын 16-мартында өткөн референдумдун жыйынтыгын эл аралык коомчулук тааныган эмес. Жарым аралды Бириккен Улуттар уюмуна мүчө өлкөлөрдүн көпчүлүгү дале Украинанын бир бөлүгү катары санайт.

Евробиримдик Крымдын аннексиясын тааныбасын бир күн мурда дагы бир жолу ырастады.

XS
SM
MD
LG