Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:03

Кыргыз-өзбек чегинде кырдаал курч бойдон калууда


Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыңалган кырдаал өзгөрүүсүз калууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Абалды жөнгө салуу үчүн Чек ара кызматынын башчысынын орун басары, полковник Таалайбек Усубалиев бүгүн, 19-мартта талаштуу тилкеге барды.

Учурда кыргыз чек арачылары Өзбекстандын аскер күчтөрү кирип келген аймакты күчөтүлгөн режимде кайтарууда. Кыргыз-өзбек чегиндеги өткөрмө бекеттер жабык бойдон турат. Бир гана Кызыл-Кыя бекети ачык, ал жерден Өзбекстандын Сох жана Шахимардан анклавдарынын жашоочулары өтүшөт.

18-мартта саат жети жарым чамасында Жалал-Абад облусундагы Кербен-Ала-Бука жолунун чек арадагы тактала элек бөлүгүнө Өзбекстандын 30-40 чек арачылары кирип келип, эки БТР жана эки КамАЗ унаасын токтотуп койгон. Тышкы иштер министрлиги Ташкентке нота жөнөткөн. Чек арадагы кырдаал боюнча өкмөт чукул жыйынга чогулуп, кыргыз тарап да аталган аймакка чек арачыларын койгон. Өзбекстандын коопсуздук кызматы бул аракетин Нооруз майрамына карата чек ара бекеттерин чыңдоо ниети менен байланыштырууда. (UEz)

XS
SM
MD
LG