Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:22

Чек арадагы кырдаалга байланыштуу активисттер Ак үй алдына чыгышты


Бишкек
Бишкек

Бир катар жарандык активисттер Ак үй алдына Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго каршы нааразылык акцияга чыгышты. Алар “Каримов Аксыдан колуңду тарт!” деген жазууларды кармап турушат. Бул тууралуу “Азаттыкка” акциянын катышуучусу, журналист Семетей Талас уулу билдирди.

18-марттын таңында Жалал-Абад облусундагы Кербен-Ала-Бука жолунун чек арадагы тактала элек бөлүгүнө Өзбекстандын 30-40 чек арачысы кирип келип, эки БТР жана эки КамАЗ унаасын токтотуп койгон. Аталган аймактагы 38 гектар жер тактала элек. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча Ташкентке наарызылык нота жөнөткөн.

Өзбекстандын коопсуздук кызмат ыбул аракетин Нооруз майрамына карата чек араны бекемдөө иши менен байланыштырууда. Учурда кыргыз чек ара күчтөрү чек араны күчөтүлгөн режимде кайтарууда. (UEz)

XS
SM
MD
LG