Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Стамбулдагы жардыруудан кыргызстандыктар жабыркаган жок


Бүгүн, 19-мартта түшкө жуук Стамбулдун чок ортосунда болгон жардыруудан беш киши мерт кетип, 20 чактысы ар кандай жараат алган. Өлгөндөрдүн бири жанкечти экени айтылууда. Түрк бийлиги медиа каражаттарында теракт боюнча маалымат берүүнү чектеп, расмий комментарий берүүдөн карманып турат. Жардыруудан кыргызстандыктар жабыркабаганын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов “Азаттыкка” ырастады. Анын айтымында, теракт Кыргызстандын башкы консулдугунун имаратынан 800 метр ары орун алган. Жардыруу туристтер көп жүргөн Таксим аянтына жакын Истиклал көчөсүндө уюштурулган.

Мындан бир апта мурда, 13-мартта Анкаранын Кызылай аянтынын Гүвенпарк багында болгон жардыруу 37 адамдын өмүрүн алган. Жарадарлардын саны 125тен ашкан. Анда аялдаманын жанындагы автобуска жакын жерде жанкечти-террорчунун унаасы жарылган. Ал эми жардыруу үчүн жоопкерчиликти «Шумкарлар Күрдистандын эркиндиги үчүн" тобу алган.

XS
SM
MD
LG