Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Орусиялык сот Савченконун өкүмүн угузууга даярданууда


Надежда Савченкону колдогон акциянын плакаты
Надежда Савченкону колдогон акциянын плакаты

Ростов облусунун Донецк шаарында Надежда Савченкого өкүм угузууга даярданышууда. Судья Леонид Степаненко өкүм 21, 22-марттарда окуларын акыркы отурумда айткан.

Сот учурунда түрдүү акциялар болушу ыктымалдыгын жергиликтүүлөр айтышууда.

Бир нече күн мурда Орусиядагы Донецктин тургундары дүйшөмбүдө “орусиялык акыйкат сотту” колдогон акциялар өтөөрү пландалып жатканын айтышкан. Ага жүзгө жакын бюджеттик мекеме кызматкерлери алынып келинери кабарланган.

Ошондой эле украиналык учкучту колдогон акциялар да болушу мүмкүн деген тартип сакчылары коопсуздукту күчөттү. Күч түзүмдөрүндөгү булактын айтымында, шаарга алдын ала кырктан ашуун полиция кызматкерлери, жол полициясынын алты экипажы кошумча тартылды.

Савченко 2014-жылдын июлунда Украинанын чыгышындагы урушту чагылдырып жүргөн орусиялык эки журналисттин өлүмүнө алып келген минометтук аткылоонун координаттарын түздөп турган деп айыпталууда. Мамлекеттик айыптоо ага адам өмүрүнө кол салуу жана Орусия чек арасынан мыйзамсыз өтүү боюнча расмий айып тагып, аны 23 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Савченко коюлган айыптарды четке кагып, өзүн орусиячыл жикчилдер уурдап, Орусияга күчтөп өткөрүп бергенин кайталоодо. Украина, Орусия жана башка өлкөлөрдө аскери учкучту токтоосуз бошотуу талабы менен акциялар өтүп келет.

XS
SM
MD
LG