Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:32

Казакстандагы шайлоого Кыргызстандын өкүлдөрү байкоо салышты


Казакстандагы парламенттик шайлоо.
Казакстандагы парламенттик шайлоо.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Казакстандагы парламенттик шайлоого 17 байкоочусун жиберди. БШК билдиргендей, анын курамына Кыргызстандагы аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, Казакстандагы кыргыз элчилигинин өкүлү кирди.

Алар Астана, Алматы, Тараз жана Чымкент шаарларындагы добуш берүүлөрдүн жүрүшүнө көз салышты. Коңшу мамлекетте парламентке жана жергиликтүү кеңештерге болгон мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиде өттү. Экзит-пол президент Нурсултан Назарбаевдин “Нур Отан” партиясы 82 пайыз добуш менен алдыда баратканын көрсөтүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG