Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:11

Брюсселде жардыруудан мерт болгондор саны 26га жетти


Брюсселдеги "Завентем" аэропортунда жана "Мэлбек" метростанциясында бүгүн эртең менен болгон жардыруулардан кеминде бери дегенде 26 адам адам каза тапты. Жараат алып, ооруканага жеткирилгендер отуздан ашат. Белгия премьер-министри Шарль Мишель бул кол салууну “чектен чыккан зомбулук” деп сыпаттап, коркоктордун кадамына теңеди.

Прокуратура окуяны теракт деп атап, 11 киши аэропортто, 15 киши метродо мерт болгонун билдирди.

Аэропорттун учуу залында бүгүн таңкы саат жетилерде эки ирет бомба жарылган. Бир саат өтүп, метростанцияда да бомба жардырылган.

Белгия баш калаасында аэропорт жана темир жол каттамдары убактылуу токтотулду.

Былтыр ноябрда Парижде 130 кишинин өмүрүн алган теракттын уюштуруучуларынын бири экени айтылган Салах Абдеслам аттуу жаран төрт күн мурун Брюсселде кармалган эле. Бүгүнкү жардыруулар анын кармалышына байланыштуу экени айтылып жатат.

XS
SM
MD
LG