Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:41

Өкмөт: Үңкүр-Тоодогу станция башка жерге которулбайт


Үңкүр-Тоодогу радиорелейлик станция башка жерге жылдырылбайт. Бул тууралуу "Азаттыкка" премьер-министр Темир Сариевдин маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди.

Анын айтымында, бул аймактагы чек ара тилкеси боюнча маселе Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араны тактоочу өкмөттүк делегацияларынын ишинин алкагында чечилет.

Асановдун белгилешинче, учурда кыргыз өкмөтү Жалал-Абаддын Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондорунун маалыматтык коопсуздугун күчөтүү максатында Үңкүр-Тоодогу "Кербен" радиорелейлик мунарасы менен байланышта иштей турган жаңы станцияны куруу боюнча маселени караштырып жатат.

Буга чейин Кербен шаардык кеңешинин депутаттары өкмөт аталган станцияны башка жерге көчүрүүнү сунуштап жатканын айтышкан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG