Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

Бишкекте мугалим бачабаздыкка шектелип кармалды


Бишкекте мугалим бачабаздыкка шектелип кармалды. Шаардагы “Жаш техниктердин станциясы” деп аталган окуу борбордун мугалиминин кармалышына ийримге катышып жүргөн эки окуучунун ата-энеcинин милицияга жазган арызы негиз болгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Радиотехника ийриминде билим алып жаткан 10 жаштагы окуучу кыздын ата-энеси 17-мартта милицияга арыз менен кайрылган. Анда алардын кызын ушул эле ийримдин Виталий С. аттуу мугалими класска камап алып, дене-башын кармалап, ыплас иштерге барганы айтылган.

Мындан көп узабай ушул эле окуу борбордо билим алган, 10 жаштагы башка окуучунун ата-энеси да алардын кызын ошол мугалим бөлмөнүн эшигин бекитип алып, зордуктоого аракет кылганын айтып арызданган.

44 жаштагы мугалим убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Окуя боюнча азырынча кылмыш иш козголо элек. Айыпталуучу бул жерге ишке киргенине бир жылдай болгон. Ал Өзбекстандан көчүп келгени аныкталды.

Бишкек шаардык мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгы мугалим психикалык жана наркологиялык диспансерден алган аныктамаларынын негизинде ишке алынганын билдирди. (ErN)

XS
SM
MD
LG