Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койду.
Жээнбеков буга чейин Кадр кызматын жетектеп турган. 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин дээрлик 5 жыл өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеди. (RK)