Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

Атамбаев ШКУнун Ташкенттеги саммитине катышпайт


Президент Атамбаев кыргыз-өзбек чек арасындагы соңку окуяларга байланыштуу Шаңхай кызматташтык уюмунун быйыл Ташкентте өтө турган саммитине катышпайт. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

ШКУнун президенттеринин жыйыны 23-24-июнда Ташкентте өткөнү жатат.

Кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн соңку кырдаалга байланыштуу эки өлкөнүн саясий мамилеси курчуп турат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин 18-мартта Чаласарт аймагында өзбек аскерлеринин пайда болушуна нааразылык нотасына өзбек тарап оң жооп берген жок.

Чаласарт тилкесин Кыргызстандын Чек ара кызматы талаштуу деп атап келет. Бирок жергиликтүү кыргызстандык тургундар ал жерди 20 жылдан ашуун убакыттан бери өзүлөрү иштетип келатканын, тилке Кыргызстанга таандык экенин айтууда. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG