Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

Бишкекте троллейбус айдоочулар иш таштады


Бишкекте №1 депонун троллейбус айдоочулары эртең менен ишке чыгуудан баш тартып, мэриянын өкүлү менен жолугушуудан кийин иш таштоосун токтотту. Шаар башкармалыгынын маалымат катчысы Гуля Алмамбетованын айтымында, алар бир нече талап койду:

– Троллейбус башкармалыгынын жетекчисин иштен алуу, айлыктын аздыгы жана төлөм боюнча планды кыскартуу.

Бишкекте муниципалдык менчиктеги троллейбус жана автобустар сейрек каттайт. Негизинен жүргүнчүлөрдү жеке фирмалардын кичи автобустары ташыйт.

Бүгүнкү акциянын катышуучулары маршруттук таксилерден аларга эч нерсе артпай, планды толтуруу оор болуп жатканын айтышты.

Мэрия коюлган талаптарды карап көрүү убадасын берди. (RK)

XS
SM
MD
LG