Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:10

Жер көчкү түшкөн айылда суу каптоо коркунучу жоюлду


Сузакта жер көчкү түшкөн Алмалуу-Булак айылында тазалоо иштери бүткөрүлүп, турак жайларды суу каптоо коркунучу жоюлду. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Суунун нугун буруу иш-чаралары кечээ, 24-март күнү жүргүзүлүп бүткөрүлдү, 18 үйгө электр жарыгы берилди.

23-мартта Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылында саат 08:30 чамасында көлөмү 52 000 м3 жер көчкү түшкөн. (RK)

XS
SM
MD
LG