Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт


Бишкек шаары ири эл аралык балет фестивалына камданууда. Кыргыздын улуу балеринасы, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгынын урматына быйыл 4-жолу уюштурулуп жаткан фестиваль май айынын ортосунда улуттук опера жана балет театрында өтөт.

Иш-чарага Кыргызстандан тышкары Орусия, Азербайжан, Казакстандан солисттер келип катышат. Программада - балет классикасынын шедеврлери, дүйнөлүк жана орус хореографиясынын мыкты чыгармалары.

14-майда башталган маданий иш-чара 21-майда чоң гала-концерт менен жыйынтыкталат. (RK)

XS
SM
MD
LG