Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Куттуу-Сай-II кени боюнча конкурсту казакстандык компания жеңип алды


Кеминдеги Куттуу-Сай-2 кенин иштетүү боюнча конкурсту бүгүн Казакстандын "Камал ойл" компаниясы жеңип алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Мекеменин маалымат катчысы Рысбек Токтоналиевдин айтымында, конкурска "Камал ойл" менен катар кыргызстандык "Армекс групп" ишканасы катышкан. Утуп чыккан казакстандык ишкерлер бул долбоорго 400 миллион доллар инвестиция салганы жатат:

- Эреже боюнча эми уткан компания 30 күндүн ичинде лицензия үчүн 10 миллион долларды төлөп, Кыргызстандын аймагында өзүнө тиешелүү компания ачууга милдеттүү. Ошондо гана аларга лицензия берилет. Фабрика, жол куруу маселелерин Кемин районуна барып, эл менен жолугушуп, талкуулап, экспертизаларды өткөрөт.

Куттуу-Сайда сейрек кездешүүчү металлдардын кени бар. 2009-жылы Канаданын “Стэнс энержи” компаниясы кенди иштетүүгө алып, бирок 2011-жылы лицензиясын алдырган.

Ал кыргыз өкмөтүнүн чечимин сотко берип, 118 млн доллар доо койгон.

Бирок Москва арбитраждык соту Кыргызстандын пайдасына чечим чыгарган. (RK)

XS
SM
MD
LG