Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:29

Асад Пальмиранын бошотулушун “маанилүү жетишкендик” деп атады


Сириянын өкмөттүк күчтөрү Пальмирага чабуул коюп жаткан учур. 24-март, 2016-жыл.
Сириянын өкмөттүк күчтөрү Пальмирага чабуул коюп жаткан учур. 24-март, 2016-жыл.

Сириянын президенти Башар Асад аскерлери байыркы шаар Палмираны “Ислам мамлекети” тобунан бошотуусун “маанилүү жетишкендик” жана армия менен анын өнөктөштөрүнүн терроризмге каршы согуштагы стратегиясынын ийгилиги катары сыпаттады.

Асад бул тууралуу жекшемби күнү Дамаскта француз парламентарийлери менен жолуккан учурунда билдирген.

Сирия президенти ага катар бул жолугушууда “Ислам мамлекети” тобуна каршы алтымыштай өлкө кирген жана АКШ баштаган коалицияны терроризмге каршы күрөшкө “олуттуу” көңүл бурбай жатканы үчүн да сынга алган.

Сириянын мамлекеттик медиасынын жана байкоочу топтордун билдиргенине караганда, өкмөттүк аскерлер Пальмираны 27-март күнү Орусия күчтөрүнүн абадан колдоосу астында бошото алды.

Шаарга толук көзөмөл орнотулгандан кийин алар Пальмираны согушкерлер таштап кеткен минадан жана бомбадан тазалоого киришти.

Бул байыркы шаарды “Ислам мамлекети” тобу былтыр май айында басып алып, андан бери ал жердеги тарыхый эстеликтерди талкалаган. (UE)

XS
SM
MD
LG