Пакистандагы кечээки жардыруудан набыт кеткендердин саны кеминде 69 адам, көбү аялдар жана балдар экенин өлкө бийлиги кабарлоодо.
Жардыруу өлкөнүн чыгышындагы Лахор шаарында, Гүлшан-и-Икбал деп аталган коомдук парктын автоунаа токтоочу жайында болду.
Ал жерге лахорлук христиандар үй-бүлөлөрү менен Пасха майрамын белгилөө үчүн чогулган.
Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Талибан" кыймылы менен байланышы бар “Жамаат-ул-Ахрар” деген топ алды. Анын билдиргенине караганда, чабуул Пакистандын премьер-министри Наваз Шарифке жолдонгон “салам дубай болду жана кол салуулар улана берет".
Сегиз миллиондой адам жашаган Лахор - Пакистандын Пенжаб провинциясынын борбору. Бул провинция азыркы премьер-министр Наваз Шарифтин саясий таянычы катары саналат. (RK)