Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Жанна Немцова АКШ мамкатчысынын сыйлыгын алды


Жанна Немцова
Жанна Немцова

Орус оппозициялык саясатчысы, маркум Борис Немцовдун кызы – журналист Жанна Немцова АКШ мамкатчысынын жыл сайын дүйнө жүзү боюнча аялзатынын эрдиги үчүн ыйгарылчу International Women of Courage сыйлыгынын лаураеты болду. Орусиядагы АКШ элчиси Жон Теффттин билдирүүсндө Немцова бул сыйлыкка өз атасынын өлтүрүлүшүн калыс жана тыкыр иликтенишине умтулган эрдиги менен Орусияда коркунучтуу жана жоопкерчиликсиз пропаганданы колдонуунун бетин ачуу жолоюнда катуу турган аракети үчүн татыганы айтылат.

Борис Немцов 2015-жылдын 27-февралында Москвада атып өлтүрүлгөн. Тергөө аны өлтүрүүнү Ченестандын ички иштер министрлигинин "Түндүк" батальонунун мурдагы жоокери Руслан Мухидинов уюштурган жана буйрук берген деп эсептейт. Бирок маркумдун жакындары мындай тыянакка маул эмес.

Жанна Немцова атасына кол салуу бийликтин жогорку баскычында отургандардын уруксатысыз ишке ашпасын бир канча жолу айтып, бул иш боюнча расмий иликтөөнү сындап чыккан. Ошондой эле орус маалымат каражаттарын оппозициялык саясатчыны атайлап кодулаган өнөктүк жүргүзгөн деп айыптаган. Ал 2015-жылдын июнунда коркутуулардан улам Орусиядан чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG