Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Ошто Үркүн тууралуу спектакль коюлат


Ошто Үркүндүн 100 жылдыгана арналган спектакль даярдалууда. Бул тууралуу быйылкы “Тарых жана маданият жылын” өткөрүү дирекциясынан кабарлашты. “Кыргын” деп аталган спектакль облустук драма театрынын сахнасында коюлат. Анда 1916-жылкы окуянын чыгыш себептери баяндалат.

Ошондой эле быйыл Ошто «Жаңыл мырза» спектакли көрсөтүлгөнү жатат.

Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө максатында былтыр 27-майда президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен курамына тарыхчы окумуштуулар жана башка гуманитардык илимдердин өкүлдөрү кирген топ түзүлгөн. Анда "кыргыз калкынын тарыхындагы эң трагедиялуу окуяга тарыхый баа берүү" сунушталган.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон. Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган.

Совет учурунда, өзгөчө 1950-80-жылдары, көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG