Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Оторбаев: "Алдамчылык" беренеси менен соттолгон аялдар боюнча жумушчу топ түзүлдү


Кыргызстандын аялдар түрмөсүндө байпак токуп отурган аял.
Кыргызстандын аялдар түрмөсүндө байпак токуп отурган аял.

Кыргызстандагы түрмөлөрдө камалып жаткан аялдардын 30-40% "алдамчылык" беренеси менен соттолгондор. Бул тууралуу “Азаттыкка” Акыйкатчы Кубат Оторбаев билдирди:

- Мен түрмөлөрдү кыдырган кезде аялдар менен сүйлөшүп, алардын иши менен таанышсам, 30-40% эле ошол “алдамчылык” деген берене менен камалышыптыр. Базарда отурушат, анан товардын баасы түшүп кетип, бирөөдөн алган карызын төлөй албай калышса эле, тиги тарап жазган арыздын негизинде аларды “алдамчы” деп камап коюп атышат. Бул туура эмес. Эки адамдын ортосундагы соода ишин жарандык тартипте кароого болот.

Кубат Оторбаевдин белгилешинче, учурда бул маселе боюнча Акыйкатчы институтунан атайын жумушчу топ иш алып барууда.

Ушу тапта аялдар абагында 400дүн тегерегинде кыз-келин жаза мөөнөтүн өтөөдө. Алардын басымдуу бөлүгү шылуунчулук, алдамчылык беренелери боюнча кесилгендер. Расмий маалыматтарда аялдар аралашкан кылмыштардын саны жыл сайын 100-200гө чейин көбөйүп, жыл өткөн сайын кыргыз кыз-келиндери оор кылмыштарга аралашып жатканы айтылат. 2010-жылы кылмыш кылган кыз-келиндердин саны 1,5 миңдин айланасында болсо, өткөн жылы алардын саны үч миңге чамалап барган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG