Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

Кургак учукту жеңген бейтаптардын дилбаян сынагы жыйынтыкталууда


Бүгүн Бишкекте кургак учукту жеңген бейтаптар жазган дилбаян сынагынын жыйынтыгы чыгарылат. Долбоорду Саламаттыкты сактоо министрлиги Улуттук фтизиатрия борбору менен бирге уюштурган. Каржылык колдоону АКШнын USAID агенттиги көрсөттү.

Сынак кургак учукка чалдыккан адамдар күнүмдүк турмушунда туш болуп жаткан көйгөйлөрдү коомчулукка ачып берүү жана алардын башкалар алдында корунуп жашоосун токтотуу максатын көздөйт.

Расмий маалыматка караганда, былтыр Кыргызстанда илдет 5640 адамда аныкталган. 2014-жылга караганда бул көрсөткүч дээрлик 200гө аз болду.

Балдар арасында кургак учукка чалдыккандардын саны өскөнү байкалат. Дарыгерлер муну илдетти аныктоо иштери жакшырганы менен түшүндүрүүдө.

Соңку жылдары кургак учуктун антибиотиктин көп түрү жардам бере албай калган формалары күчөгөнү айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG