Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

АКШ Европадагы аскердик күчүн бекемдейт


АКШ келерки жылдын башынан тарта өзүнүн Чыгыш Европадагы аскердик бөлүктөрүн кеңейтет. Буга аймактагы орусиялык агрессия себеп болуп жатканын 30-мартта НАТОнун Европадагы аскерлеринин командачысы, америкалык генерал Филип Бридлав билдирди.

Анын айтымында, кошумча танкалык бригада 2017-жылдын февраль айында барат. Азыр ал жакта эки бригада бар, ар биринде 4,5 миңдин тегерегинде аскер кызматкери иштөөдө.

АКШнын Коргоо министрлиги буга чейин маалымдагандай, Ак үй “Европа коопсуздугун камсыз кылуу” демилгесине келерки жылдан тарта бюджеттен 3,4 миллиард доллар бөлүүнү карап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG