Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Индия: көпүрөдөгү кырсык 25 адамдын өмүрүн алды


Индиянын Калькутта шаарында курулуп жаткан көпүрө кулап, набыт болгондордун саны 25тен ашты. Дагы ондогон адамдар урандылардын алдында калганы айтылууда. Бир суткадан бери куткаруучулар 90 адамды көпүрөнүн алдынан алып чыгышты.

Жарадарлардын саны 200дөн көп. Узундугу эки чакырым келген көпүрөнүн курулушу 2009-жылы башталган. Анын 100 метрдей бөлүгү көпүрөнүн алдындагы чоң базардын үстүнө кулап, жүздөгөн адамды басып калган.

Кырсыктын себеби азырынча тактала элек, алдын ала божомолдор боюнча буга курулуш сапатынын начардыгы түрткү болду.

XS
SM
MD
LG