Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Турганбаев: видеокаттоону өчүрүп койгон милиция иштен алынат


Мындай билдирүүнү ички иштер министри Мелис Турганбаев бүгүн, 2-апрелде Каракол шаарында Кайгуул-күзөт кызматы менен таанышуу учурунда айтты.

Белгилүү болгондой ар бир кайгуул-күзөттө жургөн милицияга видеокаттоо берилет. Видеокаттоо ар бир иш кадамын тартып турат. Кызматкер аны өз алдынча өчүрө албайт.

Ысык-Көл облустук ички иштер патрулдук милициясында 163 кызматкер жана 30 экипаж эмгектенет. Буга чейин колдонулуп келген 20 кызматтык унаа бар.

Жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо үчүн ИИМдин алдында атайын Кайгуул-күзөт башкармалыгы түзүлгөн. Кызмат жалпы республикада 1-июлдан тарта ишке кирет. Учурда Бишкекте жана Ысык-Көлдө иштеп жатат. (AsM)

XS
SM
MD
LG