Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Тбилиси Тоолуу Карабак боюнча сүйлөшүү аянтын түзүп бериши мүмкүн


Тоолуу-Карабактагы зыян тарткан үй
Тоолуу-Карабактагы зыян тарткан үй

Тбилиси Тоолуу Карабактагы жаңжалды жайгаруу максатында Азербайжан менен Армения бийлигине сүйлөшүү аянтын сунушташы ыктымал. Бул тууралуу 3-апрелде Грузия парламентинин депутаты Георгий Вольский журналисттерге билдирди.

- Тоолуу Карабакта кайрадан жаңжал тутанышы бүтүндөй Түштүк Кавказ аймагы үчүн кооптуу. Биз эки тарапка кандай форматта болсо да жолугушуу аянтчасын түзүп беришибиз ыктымал. Бул маселеде дүйнө коомчулугу да жөн эле карап турбашы керек,- деди Вольский.

Дагы бир депутат Леван Бердзенешвили кандай гана кырдаал болбосун, Грузия бейтараптуулукту сакташы зарылдыгын белгиледи.

Азербайжандын аймагындагы чырлуу Тоолуу Карабак автономиясындагы ишемби күнкү катуу салгылаштан Азербайжандын 12, Армениянын 18 аскери набыт болгону айтылган.

Жекшемби күнү Баку согуштук аракеттерди бир тараптуу токтотконун билдирген. Бирок Армения бул боюнча комментарий бере элек.

Азербайжан президенти Илхам Алиев кырдаалды калыбына келтирүүгө Еревандын каалоосу жок деп сындаган. Армения бийлиги күнөөнү Бакуга жүктөп жатат.

XS
SM
MD
LG