Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Transparency International уюму офшорго тыюу салууга чакырды


Transparency International уюмунун жемкорлук боюнча картасы.
Transparency International уюмунун жемкорлук боюнча картасы.

Эл аралык коррупцияны иликтеген Transparency International уюму “Панама документтеринин” жарыяланып кетишине байланыштуу офшорго тыюу салуу боюнча мыйзамдарды кабыл алууга дүйнө коомчулугун чакырып жатат.

"Акыркы иликтөөлөр глобалдык каржы тармагындагы көмүскө иштерди ачыкка чыгарды. Банк, юристтер жана кесипкөй финансисттер жемкорлор жең ичинен өөнөгөн акчаларды жашыруун компанияларга сактоого жардам берүүдө", – деп жазылат аталган уюмдун маалыматында. Ошол эле кезде дүйнө мамлекеттеринин башчылары биргеликте жемкорлорго көмөктөшкөн компанияларды жабуу аракетин көрүшү керектигин жарыялады.

“Чоң жыйырма” тобуна кирген өлкөлөрдү мүлктөр ачык жазылган тизме түзүүгө жана мындай аракеттерге кошулбаган мамлекеттерге санкция киргизүүгө үндөдү.

Дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттериндеги саясатчылар менен ири ишкерлердин офшор аркылуу акча адалдоо ыкмаларын чагылдырган баяндама 3-апрелде жарыяланган. Аны Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча борбор (OCCRP), Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму (ICIJ) даярдап, Панаманын офшордук кызмат көрсөткөн Mossack Fonseca компаниясынын базасынын маалыматтарына негизделген.

XS
SM
MD
LG