Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Кожошев: Кези келгенде казак пансионаттары тууралуу да маселе көтөрүлөт


Бүгүн экономика министри Арзыбек Кожошев маалымат жыйын куруп, Өзбекстандын пайдалануусундагы төрт пансионаттын мамлекет карамагына өтүшү боюнча түшүндүрмө берди.

Ысык-Көл жээгинде жайгашкан Өзбекстандын төрт пансионаты жалпысынан 80 гектар жери менен мамлекет менчигине өтөт. Мындай буйрукка 4-апрелде өкмөт башчысы Темир Сариев кол койгон. Кожошевдин айтымында, эс алуу жайлары 1992-жылкы келишим боюнча толугу менен Кыргызстанга таандык. Бирок "Рохат" (19,05 га), "Дилором" (21,77 га), "Золотые пески" (28,25 га) жана “Бустон” (10,65 га) пансионаттары ушу кезге чейин Өзбекстандын пайдасына иштетилип келген.

Кожошев “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, убагы келгенде казак пансионаттары тууралуу да маселе көтөрүлөрүн айтты.

Ысык-Көлдө Казакстан пайдаланып келе жаткан "Олимп" ден соолукту чындоо базасы, "Самал" эс алуу үйү, "Казакстан" санаторийи жана "Университет" ден соолукту чыңдоо лагери бар. (ZKo/UEz)

XS
SM
MD
LG