Сирияда атып түшүрүлгөн Су-17 үлгүсүндөгү өкмөттүк учактын учкучу барымтага алынганы айтылууда. Учакка Башар Асаддын режимине каршы оппозициялык күчтөр кол салганы кабарланды.
Жакынкы Чыгыш мамлекеттериндеги жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, 5-апрелде Алеппо аймагында Сирия өкмөтүнө таандык Су-17 аскердик учагы атып түшүрүлгөн. “Ал-Арабия” телеканалы Сириядагы адам укуктары обсерваториясына таянуу менен окуя Алеппонун түштүк тарабында болгонун маалымдаган. Курмандыктар тууралуу азырынча маалыматтар жок.