Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

АКШ: кезектеги праймеризде Круз менен Сандерс жеңди


АКШ шайлоочулары.
АКШ шайлоочулары.

АКШда президенттикке талапкерлерди тандоо кызуу жүрүүдө. Республикачы Тед Круз менен демократ Берни Сандерс Висконсиндеги праймеризде жеңишке жетишти.

Алдын ала маалыматка ылайык, Тед Круз республикачы шайлоочулардын жарымына жакынынын добушун алып, партиялаш атаандашы Дональд Трамптан 20% озуп кетти.

Сенатор Берни Сандерс 55%дай колдоо таап, мурунку мамкатчы Хиллари Клинтондон алдыга чыкты.

Трамптан кыйла артта келаткан Круз бул жеңишти “бурулуш учур” деп атады. Президенттикке талапкер болуп чыгуу үчүн республикачылардын курултайынан 1237 добуш алуу керек. Алдыда келаткан Трамп мынча колдоо таба албаса президенттик жарышка андан кийинки орундагы талапкер чыгарылат.

Демократтардан Берни Сандерстин кезектеги жеңиши Клинтонго анчейин таасир этпейт. Клинтон талапкерликке жетиштүү колдоого буга чейин эле ээ болгон.

XS
SM
MD
LG