9-10-апрелде Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында жаан, 9-апрелде жана 10-апрелде түнкүсүн тоо этектеринде жаан карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт. 9-апрелде айрым жерлерде катуу жаан, тоолуу аймактарга кар түшүп жолдору тайгак болот. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.
9-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланат. Тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын жүрөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 4…9;
Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 4…9;
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 5…10, күндүз 7…12;
Баткенде түнкүсүн 4…9, күндүз 7…12;
Көл кылаасында түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12.
9-апрелде Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен катуу жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 6…8° жылуу, күндүз 7…9° жылуу болот.