Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:50

АКШ Түштүк Кореяда ракетага каршы комплексин жайгаштырат


АКШнын коргоо министри Эш Картердин билдиришинче, Кытайдын каршылыгына карабастан АКШ Түштүк Кореянын аймагында орто аралыкта уча турган баллистикалык ракеталарды тосуучу комплексин жайгаштырат.

Бул туурасында Вашингтон менен Сеулдун ортосундагы сүйлөшүүлөр Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын ядролук арсенал каалаган мүнөттө пайдаланууга даяр болушу керек деген билдирүүсүнөн кийин февраль айында башталган. Ракетага каршы комплекс Түштүк Кореянын шаарларын жана аймакта жайгашкан АКШ базаларын сактайт. Алар ракетаны жогорку бийиктикте жок кылууга жөндөмдүү.

АКШнын мындай комплексинин Түштүк Кореяда орун алуу мүмкүнчүлүгү Кытайдын сынына кабылып келет. Ал мындай кадам анын коопсуздук жаатындагы стратегиялык кызыкчылыктарына каршы келерин эскертүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG