Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Жон Керри талиптерди Кабул менен тынчтык сүйлөшүүгө барууга чакырды


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен Кабулда. 9-апрель, 2016-жыл
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен Кабулда. 9-апрель, 2016-жыл

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри бул тууралуу ишмеби күнү Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен Кабулдагы маалымат жыйында сөз сүйлөп жатып билдирди. Ал талиптерге карата чакырык зомбулукту токтотуу үчүн жасалып жатканын белгиледи.

Вашингтондун чакырыгы өкмөткө каршы күрөшүп жаткандарга багытталган. Бирок талиптер буга чейин бийлик менен тынчтык туурасында сүйлөшүүлөр Ооганстандан чет элдик аскерлер чыгарылып кеткенден кийин гана жүрө тургандыгын билдирген.

Акыркы кезде Ооганстан, Пакистан, Кытай жана АКШ мамлекеттеринин өкүлдөрүнөн турган топ Кабул менен талиптердин лидерлеринин ортосундагы байланышты түзүүгө аракет кылып келүүдө. Алар эки тараптын жолугушуусу өткөн айда болот деп болжошкон, бирок кырдаал алар күткөндөй өзгөргөн эмес. (AzK)

XS
SM
MD
LG