Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Өлкөдө бензиндин баасы өсө баштады


Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдиргендей, бүгүнкү күндөн тарта күйүүчү-майлоочу майларга баа 1 сомго кымбаттады. Жалпысынан баалар күйүүчү майдын АИ-80, АИ-92 жана дизель майына карата жогорулады. Ал эми АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 50 тыйынга өстү. Нефтетрейдерлер бул көрүнүштү Орусиянын мунай иштетүүчү заводдору баары 10-15 пайызга көтөргөнү менен түшүндүрүүдө.

Учурда Бишкектеги “Газпром” май куюучу жайында бензиндин АИ-92 үлгүсүнүн баасы 34 сомдон, дизель майы 31 сомдон сатылууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG