Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

ӨКМ: Сузакта 64 үйдү көчкү аймагынан көчүрүү зарыл


Жер көчкү.
Жер көчкү.

Район аймагында көчкү жүрүүчү Алмалуу жана Алчалуу айылдарындагы 64 үй-бүлө башка жакка көчүрүлүш керек. Бул тууралуу ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башкы адиси Элдияр Исраилов "Азаттыкка" билдирди. Бул аймактарда жакынкы күндөрү эле эки ирет жер көчкү орун алды.

- Мында жашаган тургундарды коопсуз жайга көчүрүү боюнча жергиликтүү бийликке бир топ жыл мурда сунуш берилген. Бирок ал азыркыга чейин аткарылбай келет, - дейт Исраилов.

Ал эми Сузак районунун акиминин биринчи орун басары Төрөгелди Түркбаев жашоочуларга кезегинде ссуда жана башка жактан жер тилкеси берилгенин, бирок алар мал жайытын таштап кетпей жаткандыгын билдирди. Жашоочулар доом жок деген тил каттарын жазып беришкен.

Кечээ 11-апрелде кечки саат төрттөр чамасында Сузактын Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алчалуу айылынан 100 метр алыстыктагы жайыт жерде көлөмү болжол менен 30 миң куб метр жер көчкү түшкөн. Район аймагында 111 кооптуу участкада учурда миңден ашык тургундар көчпөй жашап келет. (RsK)

XS
SM
MD
LG