Бүгүн Бишкекке Бириккен Араб Эмирлигинин энергетика министри Сухаил Мухаммад ал-Мазруи баштаган инвестициялык делегация келет. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, делегациянын курамында Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар бир катар инвесторлор бар.
Айыл чарба продукциясын өндүрүү, тамак-аш өңөр жайы, гипермаркеттерди куруу, энергетика жана телекоммуникация тармактары боюнча сүйлөшүүлөр өтөт.
14-апрелде “Ала-Арча” резиденциясында «Кыргызстан – Араб Эмирлиги» экономикалык форуму болот. Анда кыргыз тарап өз инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берет.
2014-жылы президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмирлигине расмий сапар менен барып, бир катар документтерге кол коюлган. (RK)